Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Социалдык жана экономикалык стабилдүүлүктү, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3876-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылга социалдык стабилдүүлүктү, экономиканын туруктуулугун камсыздоо жана калктын кирешелерин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономика жана инвестициялар бөлүмү ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берсин.
5. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Пландын индикаторлоруна жетишүүнү, тейлеген багыттары боюнча сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине, вице-премьер-министрлерине жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 42-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр К.А.Боронов
План docx
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 447 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2020 · № 447
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 447 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык…Постановление · 01.09.2020 · № 461
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3876-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3876-VI · Күчүн жоготкон