КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын арттырган жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында, “Дене-тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик эл аралык комплекстүү спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, байге ээлерине стипендия берүүнү тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 “Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 “Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 452
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 820
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 492 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар…Постановление · 21.08.2014 · № 475 · Күчүн жоготкон