# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409-токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409-токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2020
- Редакциянын күнү: 06.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2603>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2603>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409-токтому (06.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2603

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясы жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр К.А.Боронов

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
