КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетентүү органдары жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу компетенттүү органдар катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына жогоруда аталган конвенцияны аткарууга жооптуу компетенттүү органдар тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64