# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550-токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550-токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 550
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2018
- Редакциянын күнү: 03.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-260>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/260>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550-токтому (03.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-260

---

Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө

Өзгөчө кырдаалдарды баалоодо бирдиктүү ыкманы аныктоо максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
