КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, ошондой эле COVID–19 коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктундагы “30-июнунда” деген сөздөр “31-октябрында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-пунктундагы “30-июнуна” деген сөздөр “31-октябрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмеги ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов
тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду…Постановление · 17.12.2019 · № 690
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2019 · № 554 · Күчүн жоготкон