# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 567-токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 567-токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 567
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2018
- Редакциянын күнү: 11.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-252>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/252>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 567-токтому (11.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-252

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасында:

- “Ведомстволук мекемелер” позициядагы “маданий жана эс алуу сейил бактары” деген сөздөр “К. Жакыпов атындагы парк” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

18-августундагы № 495 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

- эскертүүсүнүн 19-пунктундагы “60” деген цифралар “45” деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
