# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 279
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2020
- Редакциянын күнү: 29.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2500>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2500>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 токтому (29.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2500

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин №18 тиркемесинин 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
