# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2020
- Редакциянын күнү: 21.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2472>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2472>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 токтому (21.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2472

---

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери” жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жобосунда:

11-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Фонддун борбордук аппаратынын жана анын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукциондук борбор” мамлекеттик мекемесинин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын аныкталган штаттык санынын чегинде бекитет;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукциондук борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукциондук борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“19. Мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Фонддун төрагасы бекитет.”;

21-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык үстөк белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;”.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
