# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581-токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581-токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 581
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2018
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-245>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/245>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581-токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-245

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 “Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- расмий тилдеги аталышында «утверждения» деген сөз «утверждении» деген сөз менен алмаштырылсын;

- преамбуладагы «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
