# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 143-б
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2020
- Редакциянын күнү: 11.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2443>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2443>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б буйругу (11.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2443

---

“Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37 жана 81-беренелерин ишке ашыруу максатында, айрым административдик-аймактык бирдиктердин аймагында өзгөчө кардаалды жана өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүнүн мөөнөтү – 2020-жылдын 1-сентябрына чейин;

- акционерлердин саны 500дөн ашуун болгон же эч болбогондо баалуу кагаздардын 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык иши тууралуу жылдык отчетту жарыялоо мөөнөтү – 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык чогулушун өткөргөн күндөн тартып 2 айдын ичинде, бирок 2020-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбей.

2. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
