# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 214 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 214 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2020
- Редакциянын күнү: 24.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2414>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2414>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 214 токтому (24.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2414

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивинин ишин уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

239

анын ичинде:

- борбордук аппарат

22

- ведомстволук бөлүнүштөр

28

- аймактык бөлүнүштөр

189

».

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

1) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомду бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
