# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2020
- Редакциянын күнү: 13.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2378>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2378>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтому (13.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2378

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы:

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
