# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 92-б
- Кабыл алынган күнү: 21.03.2020
- Редакциянын күнү: 21.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2339>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2339>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругу (21.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2339

---

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 114 жана 115-беренелерине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгиленсин.

2..Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери:

-.Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин (кызматчылардын) тизмесин аныкташсын;

- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды ыкчам тартипте көрүшсүн.

3. Бюджеттик мекемелерди тейлеген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2020-жылдын 22, 28, 29-мартын, 4, 5, 7, 11, 12-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо;

- Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык ушул пункттун экинчи абзацында аталган иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо;

- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды ыкчам тартипте көрүү.

4..Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
