# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 119 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 119 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2020
- Редакциянын күнү: 11.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2307>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2307>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 119 токтому (11.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2307

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
