Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине,”Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
- 2019-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2019-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 10-майындагы иш күнүнө которулсун.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:
- 2019-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнүн 2019-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 6-майындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 10-майындагы иш күнүнө которуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 “Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.02.2018 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон