# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2020
- Редакциянын күнү: 21.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2285>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2285>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтому (21.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2285

---

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бир айлык мөөнөттө:

ишке ашырылып жаткан жана потенциалдуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча ачык маалыматтар базасын түзсүн жана аны жүргүзүүнүн эрежелерин бекитсин;

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттун формасын бекитсин;

ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Долбоорлору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ишке ашырылуучу жана потенциалдуу долбоорлорунун маалыматтар базасына кирген мамлекеттик өнөктөштөр, квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик ишканасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу тийиштүү формада отчет берип турушсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин натыйжалуу жайылтуу жана институттук базасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 823 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
