# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 24-февралындагы № 109 буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 24-февралындагы № 109 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2020
- Редакциянын күнү: 24.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2280>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2280>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 24-февралындагы № 109 буйругу (24.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2280

---

“Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 5-январындагы № 8 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуладагы “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын”, “, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык иштерди жүргүзсүн”;

- 4-пункту “комиссияга” деген сөздөн кийин “жумушчу топ түзүүгө,” деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
