Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
“Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 5-январындагы № 8 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуладагы “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын”, “, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык иштерди жүргүзсүн”;
- 4-пункту “комиссияга” деген сөздөн кийин “жумушчу топ түзүүгө,” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 20.03.2012 · № 186
- Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 145
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 5-январындагы № 8 "Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 05.01.2018 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон