# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-февралындагы № 77 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-февралындагы № 77 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2020
- Редакциянын күнү: 20.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2274>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2274>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-февралындагы № 77 токтому (20.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2274

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Руда менен концентраттардагы алтындын курамын аныктоо механизмин өркүндөтүү, баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттардагы жана калдыктарды ташып чыгарууда эсептик контролду жүргүзүү максатында, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

1. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
