# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 47 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 47 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2020
- Редакциянын күнү: 05.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2241>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2241>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 47 токтому (05.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2241

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
