# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2020
- Редакциянын күнү: 06.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2240>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2240>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 токтому (06.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2240

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген диплом жана сертификаттын, дипломго жана сертификатка жетишүүнүн жыйынтык бааларынын көчүрмөлөрүнүн үлгүлөрү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
