КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат ɵтɵɵ жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдар үчүн атайын алгачкы кесиптик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон