# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 747
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2020
- Редакциянын күнү: 15.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2198>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2198>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 токтому (15.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2198

---

Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө

«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 24-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар (мындан ары – Талаптар) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер өздөрүнүн маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун уюштурууда ушул токтом менен бекитилген Талаптарды жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
