КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан Ош шаарынын ЖЭБине жеткирилүүчү жагуучу мазутка анын «Электр станциялары» ААК сураган сапат боюнча мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен бааны белгилесин.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 151- пункт менен толукталсын:
«151. «Кыргызнефтегаз» ААКыга төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан Ош шаарынын ЖЭБине жеткирген жагуучу мазуттун сапат боюнча мүнөздөмөсүнүн өзгөрүшүнүн негиздемесин берүү;
- Ош шаарынын ЖЭБине жагуучу мазутту мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде зарыл болгон көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылсын.».
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы N 210 "Кыргыз Республикасынын эко- номика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2019 · № 210 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон