КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жайг ашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Жеке турак жай куруу үчүн Баткен облусунун Баткен районунун тургундарын жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12 беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-февралындагы № 124 токтомун, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 56 токтомун, Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 127-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы № 384, № 791, № 793, № 794, № 795, № 800, № 801, № 802, № 430, № 431, № 432, № 434, № 811 контурларда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 60 га жайыт жерлер жеке турак жай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багытта пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Ак-Татыр айыл кеӊешинин 2019-жылдын 25-февралындагы №124 "Жер участокторун которуштуруу (трансфармациалоо) жонундо"токтомуПостановление · 25.02.2019 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон