КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун отуз экинчи жана отуз үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын аймагында туризм чөйрөсүндө иштеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан ченемдик укуктук актыларды сактоо маселелери боюнча маалыматтык, методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- туристтик объекттердин абалына, аларды туура пайдаланууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө мониторинг жүргүзөт;”.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон