# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 619
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-213>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/213>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтому (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-213

---

Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүүнү жана менчик ээлеринин мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү мүмкүндүгүн камсыздаган укуктук механизмди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминин 2-пунктун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын – катчылыктын жумушчу органынын функциялары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
