Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө
Улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары – Иш-чаралардын планы), 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын мониторингдөө жана баалоо матрицасы, 2-тиркемеге ылайык;
- 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунун финансылык планы, 3-тиркемеге ылайык.
2. 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын (мындан ары – Иш-чаралардын планы) жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралардын планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- коммерциялык эмес уюмдарды жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартуу менен Иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча жыл сайын мониторинг жүргүзсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтолгон маалыматты берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон