# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2019
- Редакциянын күнү: 03.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2126>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2126>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 токтому (03.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2126

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 70-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17˗беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015˗жылдын 27˗майындагы № 327 «Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:

˗ 15˗пунктта:

1˗пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«˗ этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым төлөө;»;

2˗пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

«˗ алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым төлөө;»;

˗ 16˗пунктундагы «эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү лицензиялык жыйым» деген сөздөр «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

˗ 19˗пунктунун 1˗пунктчасынын төртүнчү абзацындагы жана 2˗пунктчасынын бешинчи абзацындагы «лицензиялык жыйымды» деген сөздөр «мамлекеттик алымды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер˗министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
