КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы №298 “Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өндүрүштүк окутуу инструкторлорунун эмгегинин оор шарттарын эске алуу менен, аларга социалдык кепилдиктерди камсыздоо максатында, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 “Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштарда иштегендиги үчүн жеңилдетилген шартта курагы (карылыгы) боюнча пенсия алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмесинде:
“Тоо иштери” I бөлүмүнүн 1-пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
“2010100б-23183 Өндүрүштүк окутуу инструктору (кесилиштерде, карьерлерде)”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1996 года № 298 "Об утверждении списков производств, работ, профессий, должностей и показателей, дающих право на льготное пенсионное…Постановление · 01.07.1996 · № 298
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон