# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы №337 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы №337 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2019
- Редакциянын күнү: 09.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2091>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2091>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы №337 токтому (09.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2091

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунуннатыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 123-пункт менен толукталсын:

«

123

Энергетиканы жөнгө салуучу органдардын региондук ассоциациясы (ЭРЖА)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик

»;

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 68-пункт менен толукталсын:

«

68

Энергетиканы жөнгө салуучу органдардын региондук ассоциациясы (ЭРЖА)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик

».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
