# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №330 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №330 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2019
- Редакциянын күнү: 04.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2089>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/2089>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-2089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №330 токтому (04.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-2089

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускамада:

9-пунктундагы “3 иш күндөн” деген сөздөр “5 иш күндөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

42-пунктунун биринчи абзацындагы “2” деген цифра “4” деген цифра менен алмаштырылсын.

2, Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
