Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
«Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
- Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жобо, 7-тиркемеге ылайык;
- Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 9-тиркемеге ылайык;
- Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобо, 10-тиркемеге ылайык;
- Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобо, 11-тиркемеге ылайык;
- Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 12-тиркемеге ылайык;
- Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо, 13-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 14-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу» токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы, 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 3 жана 10-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-октябрындагы № 721 «Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруу боюнча чаралар тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 2-24 абзацтары.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 104
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2015 · № 543
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2012 · № 324 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-октябры № 721 "Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруу боюнча…Постановление · 17.10.2012 · № 721 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябры № 716т "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.10.2012 · № 716 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 мая 2016 года № 264 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах Государственной службы…Постановление · 18.05.2016 · № 264 · Күчүн жоготкон