Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Дипломатиялык кызматтын органдарынын ишин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 “Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктундагы “Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2, 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 “Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 11 августа 2000 года №477 "О Полномочном представительстве Министерства иностранных дел Кыргызской Республики по югу Кыргызстана"Постановление · 11.08.2000 · № 477
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2006 · № 56 · Күчүн жоготкон