# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2014
- Редакциянын күнү: 09.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1924>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1924>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтому (09.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1924

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 “2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 “2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын 43-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
