КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун мамлекеттик коргоону камсыз кылуу максатында, «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: 2014-2016-жылдарга жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча кезектеги финансылык жылга мамлекеттик бюджетти түзүүдө жыл сайын Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырышсын.
3. Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик программаны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар программалык иш-чараларды аткаруунун жыйынтыктары жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө отчетторду жарым жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Мамлекеттик программасы
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.