# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 10-февралындагы № 79 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 10-февралындагы № 79 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2014
- Редакциянын күнү: 10.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1918>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1918>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1918.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 10-февралындагы № 79 токтому (10.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1918

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пунктунда:

- экинчи абзацындагы “система киргизилгенден кийин” деген сөздөр “системасын киргизүүнүн жыйынтыгы боюнча” деген сөздөргө; “2014” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын;

- жетинчи абзацындагы “2014” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын;

- онунчу абзацындагы “2013” цифралары “2015” цифраларына алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 31-пунктундагы “1373”, “157”, “11” жана “1205” цифралары тиешелүү түрдө “1343”, “149”, “9” жана “1185” цифраларына алмаштырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
