Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 7-февралындагы № 77 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга ылайык (1 жана 2-тиркемелер) Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына андан ары салым катары киргизүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтүн узартуу менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна берилсин.”;
- 5 жана 6-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:
“5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна киргизсин;
- “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун пайдалануу укугун өткөрүп берүү түрүндө алынган кирешелерине дивиденддерди эсептебесин.
6. “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- зарыл болгон учурда белгиленген тартипте “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү;
- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун иштеп чыгууда жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашууда региондун өнүгүшү менен байланышкан сарптоолорду эске алсын.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык…Постановление · 08.02.2013 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон