# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 18-февралындагы № 100 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 18-февралындагы № 100 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2014
- Редакциянын күнү: 19.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1912>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1912>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 18-февралындагы № 100 токтому (19.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1912

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга (1 жана 2-тиркемелер) ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары мөөнөтүн узартуу укугу менен 49 жыл мөөнөткө, “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун салымы катары Макулдашуунун бүткүл колдонулуу мөөнөтүнө берилсин.”;

- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

“- “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунан алынган акциялары түрүндө “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун түшкөн кирешесине дивидендди эсептебесин.”;

- 7-пунктундагы “5” деген цифра “6” деген цифрага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
