Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 4-мартындагы № 119 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө
“Коргоо чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ата мекендик ун тартуу тармагынын кызыкчылыктарын коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2017-жылдын 22-июлуна чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүгө атайын алым тиркемеге ылайык өлчөмдө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 “Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө” токтомунун тиркемесине ылайык, товарларды импорттоодо убактылуу коргоо алымдарын алуунун натыйжасында алынган каражаттарды депозиттен республикалык бюджетке чегерсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине, ошондой эле ДСУнун Коргоо чаралары боюнча комитетине тиркемеге ылайык товарларга карата атайын алымдардын киргизилиши жөнүндө белгиленген тартипте кабарлашсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 "Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 381 · Күчүн жоготкон
- Коргоо чаралары жөнүндөЗакон · 31.10.1998 · № 141 · Күчүн жоготкон