# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 3-мартындагы № 111 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 3-мартындагы № 111 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2014
- Редакциянын күнү: 03.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1906>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1906>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 3-мартындагы № 111 токтому (03.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1906

---

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, эл аралык, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кирүүсүн тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин

23-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
