КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 103 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 “Буудай-Кара-Балта” ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
“Дан” мамлекеттик ишканасынын туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 “Буудай-Кара-Балта” ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “Мамлекеттик мүлк министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- “Дан” мамлекеттик ишканасы менен бүткүл мүлктүк комплексти милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо жана жеңилдетилген пайыздык ставканы эске алуу менен баалоо наркынын суммасына төмөнкү шарттарда жаңы карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн:”;
мамлекеттик тилдеги тексттин алтынчы абзацы алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
“3-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду “Дан” мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн Фонддун атайын эсебиндеги атайын каражаттарынын эсебинен акциялардын контролдук пакети мамлекетке таандык эмес болгон менчиктин башка түрүндөгү ушул сыяктуу жооптуу сактоочу-мекемелер үчүн белгиленген баа боюнча төлөп берсин.”.
2. Бул токтом 2010-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун жетинчи абзацынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29 сентябрындагы №218 «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча…Постановление · 29.09.2010 · № 218
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон