# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 102 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 102 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2014
- Редакциянын күнү: 26.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1900>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1900>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 102 токтому (26.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1900

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана

17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин 328-1-пунктунун экинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
