# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 4-мартындагы № 120 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 4-мартындагы № 120 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2014
- Редакциянын күнү: 04.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1899>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1899>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 4-мартындагы № 120 токтому (04.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1899

---

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу” жана “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-ноябрындагы № 533 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборун түзүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 11-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Устав

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
