КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 18-мартындагы № 160 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө, Борбордук эксперттик комиссия тууралуу жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жоболорду бекитүү тууралуу
Документтердин тарыхый жана практикалык баалуулугун аныктоо, аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө даярдоо, “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, аларды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүгө чейин сактоону уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө болжолдуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын борбордук эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын эксперттик комиссиясы жөнүндө болжолдуу жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул токтомдун 1, 2 жана 3-тиркемелерине ылайык жекече жоболорду белгиленген тартипте иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга бул токтомдун 1, 2, жана 3- тиркемелерине ылайык жекече жоболорду белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын аймактык органдары мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга архив жөнүндө жекече жоболорду иштеп чыгууга методикалык жардам көрсөтсүн.
5. “Кыргыз Республикасында архив ишинин абалы жана аны жакшыртуунун чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29 - апрелиндеги № 264 токтомунун 1- пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 29 апреля 2002 года N 264 "О состоянии архивного дела в Кыргызской Республике и мерах по его улучшению"Постановление · 29.04.2002 · № 264
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125