# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-январындагы № 8-токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-январындагы № 8-токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2019
- Редакциянын күнү: 15.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-189>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/189>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-январындагы № 8-токтому (15.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-189

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугуна талапкерлерди тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 -жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:

- 1.3.-пунктунда:

экинчи абзацындагы «консулдук округдун» деген сөздөр «өзү турган мемлекеттин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацындагы «65» деген цифра «75» деген цифра менен алмаштырылсын

- 2.2.-пунктунун төртүнчү абзацындагы «консулдук паттенти» деген сөздөр «ыйгарым укуктары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2.4.-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күнүнөн тартып, жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
