# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 164 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 164 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2014
- Редакциянын күнү: 19.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1884>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1884>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 164 токтому (19.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1884

---

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борбору жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы кыргыз илимий-техникалык энергетика боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борборуна;”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери” тууралуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
