# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 170 буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 170 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2014
- Редакциянын күнү: 14.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1872>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/1872>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-1872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 170 буйругу (14.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-1872

---

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;

- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 20-мартындагы № 95 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-июнундагы № 302 буйругу.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
