Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна дайыма баалоо жүргүзүү жана жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин түпкү натыйжаларына жетишүүгө багыт алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
17-февралындагы №105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн каржылоонун зарыл болгон көлөмүн аныктайт.”;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“23. Бул методиканын максаттары үчүн рейтингдин салыштырма көрсөткүчүн түзүү зарыл, ал Кыргызстандын рейтинги менен рейтингиндеги ушул индекстин минималдуу маанисинин (акыркы орун) ортосундагы айырманын рейтингдеги ушул индекстин максималдуу мааниси (биринчи орун) менен рейтингиндеги ушул индекстин минималдуу маанисинин (акыркы орун) ортосундагы айырмага болгон катышы катары төмөнкү формула боюнча түзүлөт:
Салыштырма көрсөткүч =Кыргызстандын мааниси – Минималдуу маани
Максималдуу маани – Минималдуу маани
Индекстин алынган мааниси БИКти эсептөө үчүн тиешелүү координатка түшүрүлөт (1-сүрөттү кара). Эгер мамлекеттик орган бир нече индекске жооп берсе, анда индекстердин орточо мааниси эсептелет.”;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 1-главасынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Калктын ишеним индексин” өлчөө көз карандысыз уюмдар тарабынан өздүк каражаттарынын эсебинен же мыйзамда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын көз карандысыз уюмдарынын ичинен “Калктын ишеним индексине” өлчөө жүргүзүү үчүн аткаруучуну же аткаруучуларды тандоого ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тескөөчү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин…Постановление · 17.02.2012 · № 105 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик…Постановление · 18.04.2014 · № 223 · Күчүн жоготкон